Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү

12:15, 16 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызматына дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн киргизилди», — деп айтылат документте. дейт

Эске салсак, Адылбек Касымалиев буга чейин КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.