USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча «Мурас» турнири өтөт

11:03, 13 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

14-15-декабрда Бишкекте салттуу «Мурас» достук турнири өтүп, ага ар кыл тармактын өкүлдөрүнөн чогулган 16 команда катышууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футзал Ассоциациясы Instagram баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат.

Оюндарды КТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып көрсөтөт.

Мурас турниринин матчтарына бардык каалоочулар келе алышат.

Белгилей кетсек, мелдештин негизги максаты өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика