Кара-Сууда «Туратали» базарынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

17:40, 12 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» мамлекеттик базарына тиешелүү 4,93 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Мыйзам бузууларды жоюу жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатында прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыздар берилип, соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында алар толугу менен канааттандырылган. Анын негизинде көзөмөл органы тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке прокурордук чара көрүү актысы берилип, анын жыйынтыгы менен жер тилкелери мамлекетке кайтарылып берилди», — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тилкелердин баасы 890 миллион 985 миң 950 сомду түзөрүн белгиледи.