18:46
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Акыйкатчы Нарында абактагы аялдарга жолукту. Эмнелер айтылды?

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Нарындагы тергөө абагына барды. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы ар бир камерага кирип, кармалып тургандар менен баарлашты.

Алардын бирөө Акыйкатчыга кайрылып, айып пулду төлөй албай калгандыктан абакта отурганын айтты. Ал Жаманбаевадан укугун коргоп берүүсүн өтүндү. Акыйкатчы анын иши боюнча соттун чечимин карап чыгууну талап кылды.

Мындан сырткары, Акыйкатчы аялдар отурган камерага да кирип, алардын абалы менен таанышты. Аялдар Акыйкатчыдан укуктарын коргоп берүүнү суранды.

Жаманбаева тергөө абагында кармалып турган жашы жете элек өспүрүм менен да баарлашты. Ал да тергөө абагынын кармоо шарттарына жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирген жок. Тергөө абагынын кызматкерлеринин айтымында, өспүрүм буга чейин соттолбогон жаран менен бир камерада кармалып турат.

«Өспүрүмдү камерада жалгыз кармоого болбойт. Ошого байланыштуу, ал мурда соттолбогон жаран менен бирге бир камерага жайгаштырылды», — деди тергөө абагынын кызматкери.

Ошону менен катары эле, Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган жаран менен да маектешти.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Акыйкатчы тергөө абагына келгенде жогоруда айтылган соттолуучу паспорту жоктугун жана тиешелүү дары-дармектердин жетишсиздигин айтып арызданган.

Мындан сырткары, кармалып тургандардын арасында кытай жараны да бар экени маалым болду. Котормочунун жоктугуна байланыштуу аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Акыйкатчы анын ишин карап чыгууга жана ага зарыл болгон юридикалык кеңеш берүү үчүн соттун чечимин талап кылды.

Андан соң, Акыйкатчы абактын коомдук тамактануу бөлүмүнүн шарттары, ошондой эле күзөт имаратынын жалпы абалы менен таанышты.Акыйкатчы барган учурда абакта 26 айыпталуучу жана соттолуучу кармалып турган, алардын ичинен эки аял жана бир өспүрүм.

Ошону менен катары эле, тергөө абагында өмүр боюу эркинен ажыратылган жаран да кармалып турат.

Тергөө абагы 40 адамга ылайыкташтырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар