16:01, 12 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Көпчүлүк адамдар акылдуу үй — бул өтө кымбатка турган, көп адамдардын чөнтөгүнө чак келбеген ырахат деп эсептешет. Бирок бүгүнкү күндө андай болбой калды. Көптөгөн жөнөкөй жана жеткиликтүү гаджеттер бар, үй үчүн ар кандай түзмөктөрдүн түрү менен кылдат таанышып чыгып, ылайыктуусун тандап алуу керек. Акылдуу жардамчылардын кандай категориялары бар экендигин жана алардын жардамы менен жашооңузду кантип ыңгайлуу кыла алаарыңызды айтып берели.
Үй үчүн заманбап үй гаджеттерди жашоонун бардык өңүттөрүн камтыган беш чоң категорияга бөлүүгө болот.
Бул тизмеге айлана-чөйрөнү көзөмөлдөгөн, көйгөйлөрдү көрө алган жана штаттан тышкаркы кырдаалда ээсинин көңүлүн бурган сенсорлордун бардык түрлөрү кирет. Алсак, акылдуу камералар ар бир кыймыл тууралуу кабарлап турушат, ал эми кулпулар смартфон же үн буйруктары менен ачылат. Бул категориядагы түзмөктөрдү сатып алуу менен сиз дайыма үйүңүздөгү кырдаалдан кабардар боло аласыз жана күтүлбөгөн коркунуч жаралышы мүмкүн деп коркпойсуз.
Ар кандай шаймандар жарыктын, температуранын жана нымдуулуктун деңгээлин көзөмөлдөй алат, ал тургай зарыл болгон учурда аны тууралап да коюшат. Алардын жардамы менен өзүңүздү жакшы сезүү үчүн үйдө ойдогудай шарттарды түзө аласыз.
Күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгүнө айланган ар кандай чайнектер, микротолкундар, чаң соргучтар жана башка жардамчылар. Бүгүнкү күндө аларды аралыктан эле башкарууга болот, белгилүү бир убакытты жана иштөө режимин коё аласыз. Эгерде кааласаңыз, үйдөгү көйгөйлөргө мүмкүн болушунча азыраак убактыңыз кете тургандай тууралап коюңуз.
Буга сулуулукту жана жаштыкты сактоого жардам берген ар кандай гаджеттер, уйкуну кандырган түзмөктөр, программага салынган массаж жасагычтар кирет.
Автоматтык түрдө азык жана суу берип турган гаджеттер, акылдуу камералар жана башка түзмөктөр үй жаныбарыңыздын абалын жана жүрүм-турумун көзөмөлдөө үчүн кереги тиет. Бул гаджеттер менен жаныбарларды узак убакытка үйдө жалгыз калтырып кете аласыз.
Бул товарлардын бардыгы жашоону бир топ жеңилдетип, ыңгайлуу кылат, жеке ышкыга жана жакындарыңыз менен баарлашууга көбүрөөк убакыт калат. Алар менен батирди же үйдү жабдуу кымбат эмес жана кыйын да болбойт. Бул гаджеттердин көбүн маркетплейстерден оңой эле алдырта аласыз.
Өркүндөтүлгөн эшик коңгуроосу. Комплектациясына жараша кыймыл датчиктерин, видеокамераны жана микрофонду камтышы мүмкүн. Ээси менен wi-fi аркылуу «сүйлөшө» алат. Эгерде жергиликтүү жасалма интеллект менен жабдылган болсо, жүздөрдү таанып, эшиктерди же дарбазаларды ачууну автоматташтыра алат.
Акылдуу электр чайнек жана башка тиричилик шаймандары. Аларды белгилүү бир иштөө режимине жана башка параметрлерге коюп, аралыктан башкара берсе болот. Үн менен же тиркеме аркылуу иштейт.
Бул Ozon’дон табууга болот турган пайдалуу гаджеттердин айрымдары гана. Кызыктуу техниканын тизмеси таң калтырат. Ozon — КМШдагы эң ири маркетплейстердин бири, анда ар кандай табитке туура келчү 370 миллиондон ашык товардык позиция бар. Учурда маркетплейсте ири сатып түгөтүү акциялары өтүп жатат. Ошондуктан сизге жаккан гаджетти мүмкүн болушунча арзан баада сатып алууга үлгүрүп калыңыз.