USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Айдоочуларга 700 миңден ашык «Коопсуз шаар» каты жөнөтүлбөй калган

13:18, 12 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-декабрдагы жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев «Коопсуз шаар» боюнча мыйзам бузуулар боюнча 700дөн ашуун протоколдор айдоочуларга жөнөтүлө электигин билдирди.

Ал белгилегендей, бул көйгөй парламенттик фракция санариптик өнүктүрүү министрлигине барганда айтылган.

«Каттарды жеткирүү боюнча жеке компания утуп алган, бирок аны менен келишим бузулган. Азыр эмне болуп жатат? — деп сурады Аманкан Кенжебаев.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы Нурия Кутнаева ведомство бардык нерсени «Кыргызпочтасы» ААКсы аркылуу ишке ашырууну жактайт деп жооп берди.

«Азыр «Коопсуз шаарды» координациялоо Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Алар тендер өткөрүп жатышат. Ал жакка «Кыргызпоштасы» ишканасы да катышат деп ишенем",-дейт Нурия Кутнаева.

Аманкан Кенжебаев бул маселе экинчи жылдан бери чечилбей жатканын белгиледи.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика