12:49, 12 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкекте архив кызматы үчүн алты кабаттуу имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында аталган башкармалыктын төрагасы Мария Алыбаева билдирди.
Ал белгилегендей, 2024-жыл жаңы курулуштар үчүн жемиштүү жыл болду. Республика боюнча жалпысынан архивдик документтерди сактоо үчүн алты объект курулууда. Алардын экөөсү бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Тактап айтканда, ноябрь айында Талас районунда эки жаңы имарат: Талас шаардык мамлекеттик архиви жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архиви ачылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы Нурия Кутнаева министрлер кабинетинин башчысынын тапшырмасы менен 2025-жылы аталган ведомство архив кызматы үчүн сканерлерди сатып алаарын кошумчалады.