10:30, 11 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1 үчүн 500 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев Бишкекте журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Министрдин айтымында, учурда Энергетика министрлиги Кыргызстанда ири инвестициялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда. Данияр Амангелдиев 2025-жылдын май айында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ГЭС куруу үчүн 500 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берерин билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга 500 миллион долларга чейин бөлүүгө даяр экенин билдирген.
Мындан тышкары, Европа инвестициялык банкына да Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга катышуу сунушталды. Ал эми 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстан COP29 катышуучуларын бул долбоорду ишке ашырууга кошулууга чакырган.
Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун баасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, болжол менен 3,6 миллиард долларды түзөт.