18:39, 10 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
11-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −10...-15, күндүз 0...-5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −11...-16, күндүз −4...+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −9...-14, күндүз −4...+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз 0...-5;
Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −5...-10.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн −13...-15°, күндүз −1...-3° суук болот.