USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

ЖК депутаты араб тилин мектептерде окутууну сунуштады

15:29, 10 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Бакытбек Марипов мектепте билим берүүгө англис жана орус тилдери менен катар араб тилин киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Кыргызстандын жарандары араб өлкөлөрүнө окууга, иштөөгө кетип жатканын жана бул тилди билүү алар үчүн артыкчылык болорун белгиледи.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов мектепке араб тилин киргизүүгө эч кандай чектөөлөр жок деп жооп берди. Болгону Билим берүү министрлигинин окуу программасын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашуу керек.

Депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика