12:32, 10 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Ажылык сапарды уюштуруу учурунда жыл сайын 5 миллион доллар көмүскөдө калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов билдирди.
Депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.
Эл депутаты Гуля Кожокулова ажылык учурундагы алдамчылык схемаларына кызыкты.
Азамат Юсупов белгилегендей, Меккеге ажылык сапарды уюштуруу дайыма муфтияттын мойнунда болуп келген.
«Биз мамлекеттик органдар менен биргеликте ажылык сапарды уюштуруудагы күмөндүү схемаларды жоюу боюнча жакшы иштерди жасадык деп айта алам. 2018-жылга чейин ажылык сапардын баасы 4,5 миң долларды түзгөн. Акыркы үч жылда бааны 3,7 миң долларга түшүрдүк. 800 долларды 6 миң ажыга көбөйтсө, 5 миллион доллар эсепке алынбай, көмүскөдө калган экен», — деди ал.
Азамат Юсуповдун айтымында, комиссия Сауд Арабияга барып, мусулмандардын учуу, мейманкана, жатакана, тамак-ашына кеткен чыгымын эсептеп чыккан.
Ал кошумчалагандай, мындан ары ажылык сапардын баасын аныктоодо комиссия да иштеп, акыркы сумма Дин боюнча мамлекеттик комитеттин чечими менен бекитилет.