Октябрь айында Кыргызстанга 272 миллион доллар которулган

11:26, 10 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 272 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Кирешенин негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн — 256,7 миллион доллар. Республика чет мамлекеттерден 15,3 миллион доллар алды.

2024-жылдын октябрынын аягында Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө 39,7 миллион доллар жөнөтүлгөн. 32 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнө, 7,6 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө туура келген.