18:04, 09 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 10-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен жана күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт.
Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −4...-9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −11...-16, күндүз −4...-9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...-6,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −10...-15, күндүз −2...-7,
Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −5...-10.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн −11...-13, күндүз −4...-6 градус суук.