Кумтөр Ысык-Көлдүн айыл өкмөттөрүнө жана мектептерине жардам берди

12:36, 09 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Фото

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн коммуналдык кызматына сатылып алынган атайын техникаларды тапшыруу аземине «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов катышты. Бул тууралуу алтын өндүрүүчү ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга чейин аталган ишканага 8 куб метр таштанды чыгаруучу унаа сатып алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Биздин компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу экендигин эске алып, FAW таштанды ташуучу унаа сатып алууга 3 млн сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул үчүн дагы 668 миң сом жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулган. Эми муниципалдык кызматтарда тиричилик таштандыларын чыгарууда кыйынчылыктар болбойт, айылдардын көрүнүшү көркүнө чыгат», — деди ал.

"Кумтөр" ишканасынын басма сөз кызматы

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти билим берүү жана жаштарды колдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

«Балдар биздин келечегибиз экенин эске алып, Балтабай айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Атабек Бейшебаевге химия боюнча Индонезияда өтүүчү Азия региондору арасында өтүүчү олимпиадага жолдомо алуу үчүн 112 миң сом бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Жаш мекендешибизге ийгилик каалайм. Мындай билим берүүчү турнирлердин атаандаштык руху адамды чыңдап, жеке өсүүгө өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан Барскоон айылындагы Кендирбаев атындагы орто мектепке эки заманбап интерактивдүү смарт-панель сатып алууга 410 миң сом, Тамга айылындагы орто мектепке 480 миң эки телевизор, беш компьютер, түстүү принтер жана үч ноутбук алүү үчүн бөлүндү. Ал эми 118 миң сом Кызыл-Суу айылынын футбол командасына форма, топ жана башка керектүү шаймандарды сатып алууга берилди.