Кыргызстан аймагында жер титирөө болду

09:42, 09 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда саат 5.41де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон.

Жер титирөөнүн күчү: Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 баллга жакын; Салам-Алик жана Кош-Этер айылдарында — 2,5 баллга жеткен.