22:32
USD 87.45
EUR 91.77
RUB 0.88

73 жаштагы Абдыбакир Имаров Баткенден Бишкекке жөө келди

73 жаштагы Абдыбакир Имаров Баткенден Бишкекке жөө келген. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ардагер бул жолду 20 күндө басып өткөн. Абдыбакир Имаров бул кадамын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Баткен облусунун 25 жылдыгына арнады.

Ал жаш курагына жана аба ырайынын шартына карабай 1 миң чакырымды басып өткөн. Акциянын максаты кыргызстандыктарды сергек жашоого үндөө. Буга чейин Бакен шаарынын тургуну мугалим болуп иштеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар