Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчыларынын кармалышы боюнча комментарий берди.
Ал белгилегендей, алдын ала эсептөөлөр боюнча салык органдары бюджетке 3,2 миллиард сом зыян келтирген.
«ЭТТН системасы боюнча коррупциялык жол түзүшкөн. Бул башталышы гана. Бүгүн, эртең дагы жогорураак кызматтагы жетекчилерди кармашыбыз мүмкүн. Бул мафиялык жемкорлук түзүлүш болуп калыптырю. Булар товарды кампалардын чыгарып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТН) жазып жөнөтүшөт. Сосновка постунан аны кайра артка кайтардык, товар кампага келди деп коюшат. Бирок товар артка келбей эле Ош, Жалал-Абад же Баткенге жетип сатылып кетип атат. Ошол эле кезде салыгы төлөнбөйт. Товар болсо сатылып кетти», — деди Ташиев.
Эске сала кетсек, Салык кызматынын бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалган. Атайын кызмат 3-декабрда «Альфанын» аскерлери менен биргеликте Бишкектин Салык кызматынын бардык бөлүмдөрүндөгү салык кызматкерлерин массалык түрдө камакка алган. Суракка төрт бөлүм башчы жана 30га жакын катардагы кызматкерлер алынып келинди. Үч райондун Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери камакта калды. Калгандары бошотулган.