10:05, 05 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Мыктыбек Абиров Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти болду. Бул тууралуу КФБ сайтында маалымдалды.
Ал биржа президентинин буйругу менен дайындалганы такталган.
Эске сала кетсек, Мыктыбек Абиров буга чейин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
2019-жылдын сентябрында Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын ноябрь айында «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.