Бишкекте бир жумада 7 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

12:23, 04 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында 7036 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

25-ноябрдан 1-декабрга чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуулар төмөнкүдөй фактылар катталган:

Мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 53 протокол түзүлдү;

Транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузган 209 айдоочуга айып салынды;

Тиешелүү документтери жок унаа айдаган 250 айдоочу жазага тартылган;

Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 4 миң 691 протокол түзүлдү;

Каршы келе жаткан унаага басып өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 29 протокол түзүлдү;

Алдыңкы эшиктеринин айнектери жана (же) каптал айнектери караңгылатылган унааны тиешелүү уруксат документтери жок айдаган 39 айдоочу жазага тартылган;

Мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 882 протокол түзүлдү;

Башка жол эрежесин бузуулар боюнча 883 протокол түзүлдү.

Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, убактылуу кармоочу жайга жалпысынан 1219 унаа жеткирилген.