15:16, 03 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Кинопродюсер Айнагүл Токобаева 63 жашында каза болду. Бул тууралуу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы билдирди.
Эмгек жолун «Кыргызфильмде» экономист болуп баштаган.
2007-2023-жылдары «Кыргызфильмде» директордун биринчи орун басары болгон. 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин киностудияны жетектеген.
Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү, улуттук киного кошкон салымы үчүн «Кыргыз киносунун отличниги» жана «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» наамдары менен сыйланган.
Айнагүл Токобаева бир нече улуттук жана эл аралык долбоорлорго продюсерлик кылган.