Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: депутаттардын жалпы санынын 42 % аялдар түзөт

13:45, 03 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын жалпы санынын 42 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Ведомство мындай жол менен гендердик теңчилик жаатындагы көрсөткүчкө жетишкенин белгилейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын ишенимине ээ болгон 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге 6 миң 384 депутат шайланганын билдирди. Алардын 2 миң 538и (39,75 пайызы) аялдар.

Шаардык кеңештерде 993 депутаттын 290у (айылдык кеңештерде 29 пайызы, шайланган 5 миң 391 депутаттын ичинен 2 миң 248и (42 пайызы) аялдар.

БШК кошумчалагандай 2019-жылдан бери жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттардын үлүшү туруктуу өсүүдө. Эгерде 2019-жылы болгону 9 пайыз болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 38 пайызга чейин өскөн. 2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо ал 42 пайызды түздү.