13:39, 03 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Атайын кызмат милициянын подполковниги — коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин Ош облусунун Араван районунун нөөмөтчүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басарын 120 миң сом алып жаткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.
28-ноябрда бир адам мамлекеттик комитетке кайрылып, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, милиция кызматкери андан Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөк көрсөтүү үчүн 150 миң сом талап кылган.
Кармоо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү.
Башкармалык белгилегендей, өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерди улантууда.