Бала бакчада наристенин сабалышы. Билим министри ата-энелерден кечирим сурады

13:31, 03 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бала бакчада тарбиячылар тарабынан сабалган балдардын ата-энесинен кечирим сурады. Анын кайрылуусун мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева социалдык тармактарга жарыялады.

«Бала бакчада баланы жазалап жаткан, «тарбиячы» деп айтканга ооз барбаган акмактын балага жасаган зомбулугун көрүп, ата энелерден кечирим сурайм!!! Учурда бул иш укук коргоо органдары, сот, прокуратура тарабынан каралып жаткандыгын билдирем. Балага зомбулук жасаган «тарбиячы» мыйзам чегинде жазаланышын талап кылам! Ал эми ошол тарбиячынын кандай экенин билбей иштеткен жана мекемеде наристеге зордук көрсөтүүгө орун бергени үчүн бала бакчанын башчысы да кызматтан кетет», - деп айтылат кайрылууда.

Фото
Догдуркүл Кендирбаева ошондой эле ата-энелерди балдар мекемелериндеги зордук-зомбулуктар тууралуу тез арада билдирүүгө чакырды.

«Урматтуу ата энелер, Сиздер да бизге жардам бергиле, эгерде наристелер мекемелеринде болуп жаткан зомбулук окуялары болсо, түз билдиргиле! Эч ким, эч качан наристелерге, балдарга зомбулук жасабашы керек!!! Наристеге зомбулук жасагандар ким болбосун катуу жаза алышы керек!

Биз ар бир наристелер менен иштеген адистердин атайын медициналык текшерүү уюштурабыз жана максаттуу иштерди жүргүзөбүз», -деди

Эске салсак, бир күн мурун интернетке Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бала бакчада балдар сабалган видео тараган. Кадрда Октябрь айылындагы кенже мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тартылган. Видеолордо мугалимдердин эки жана үч жаштагы балдарды бетине жана далыга уруп жатканын көрүүгө болот. Балдар бөлмөдөн чыгып ыйлагылары келет. Ишти Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тергеп жатат.