12:37, 02 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 2-декабрда БШКнын биринчи отурумунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын ЖЭБинде кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн айтып берди.
Анын айтымында, Бишкек ЖЭБи мэриянын балансына өткөндөн бери үчүнчү жана төртүнчү энергоблок оңдолуп бүттү.
«Биз авариядан кийин бардык көйгөйлөрдү жоюп, ЖЭБ толук кубаттуулукта иштей баштады», — деди мэр.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Бишкек жылуулук борборунда түн ичинде авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылды, экөө амбулатордук дарыланууга алынган. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өткөрүлгөн. Бишкек шаарында жылуулук жана ысык суу 7-февралда толугу менен калыбына келтирилип, 9-февралда республикалык штаб аталган жерде жоюу иштери аяктаганын билдирген.