11:04, 02 декабря 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 2-декабрдан тарта «Айкөл Манас» алтын коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды.
Банктан билдиришкендей, монеталар элдик оозеки чыгармачылыкты жайылтуу, кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу максатында жүгүртүүгө киргизилүүдө.
«Айкөл Манас» монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 123 400 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат«, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий мурасынын эң маанилүү символдорунун бири — элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк казынасында өзгөчө орунду ээлеген . Эпосто туулуп-өскөн жеринин эгемендүүлүгү, элинин эркиндиги, саясий биримдик үчүн бүткүл кыргыз урууларынын башын бириктирип, чексиз эрдик көрсөткөн улуу жоокер Манастын өмүр жолу жана жортуулдары баяндалат.