19:19, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-ноябрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1... + 6, күндүз +4 ... +9,
Талас облусу түнкүсүн −11...+4, күндүз + 3...8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... + 5, күндүз +6 ... +11,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн 0...-5, күндүз +4 ... +9,
Нарын облусунда түнкүсүн −7...-12, күндүз 0 ... +5.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +5...+7 градус болот.