19:01, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
2025-жылдын 15-февралынан тарта Бишкек-Дели авиакаттамы иштей баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту" ААК билдирди.
Компаниянын жетекчиси Манасбек Самидинов IndiGo авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда логистиканы жакшыртуу, туризм жана ишкердик кызматташууну өнүктүрүү максатында жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.
Тараптар 2025-жылдын 15-февралынан тарта Дели — Бишкек — Дели жаңы каттамын ачууну макулдашты. Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт.