Мурдагы айыл чарба министринин уулу Каракол шаардык кеңешине жетекчи болду

17:34, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун уулу Айбек Сапарбеков Каракол шаардык кеңешинин төрагалыгына келди. Маалыматты жергиликтүү бийлик тастыктады.

Фото

Бүгүн, 29-ноябрда депутаттар биринчи сессиясына чогулуп, анда шаардык кеңештин төрагасын шайлашты. Көпчүлүк добуш менен бул кызматка 37 жаштагы Айбек Сапарбеков шайланды. Ал «Бирге-Вместе» партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган.

Кыргыз агрардык университетинин ветеринардык адистиги боюнча диплому бар. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Анын атасы Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы Айыл чарба министрлигин жетектеген.