USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Ысык-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 11 социалдык объект мамлекетке кайтарылды

16:02, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 11 социалдык объект мамлекеттин балансына кайтарылып, жалпы чыгымы 120 миллион 130 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

«1998-2006-жылдары жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен клубдар, парктар, суу мунаралары, ПОМ жана медпункттун имараттары жана башка объекттер мамлекеттин балансына кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган объектилер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлдү. КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика