13:13, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Москвада Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.
Анын айтымында, ВДНХдагы Кыргыз Республикасынын павильонунда компаниянын өкүлү мекендештерди кабыл алып, кеп-кеңештерин жана жардамдарын бере баштады. Жарандарды кабыл алуу иш күндөрү саат 11.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинен тарта «Үлүштүк курулуш» механизми иштей баштаган. Ал чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарга мамлекеттик ипотека алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Азыр республика боюнча 40 мицден ашык квартира курулуп жатат.