Коргоо министрлигинин базасында 26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатуу аныкталды

12:26, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Бишкек шаардык турак жай-эксплуатациялык базасын текшерүү учурунда мамлекеттик мүлктү, тактап айтканда, МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталып, болжолдуу баасы 26 миллион сомдон ашык болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө базанын командири Ж.Э.Ш кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.

Келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.