12:14, 29 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Бардык мурунку жазуулар электрондук эмгек китепчесинде сакталат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жарандар электрондук эсепке кирип, карап көрө алышат.
«Учурда пилоттук режимде иштеп жатат, мунун баары үч этапта жүрүп жатат. 2025-жылга чейин ал толук кубаттуулукта иштей баштайт», — деп белгиледи Максатбек Саргазаков.
Ал кошумчалагандай, кадр бөлүмдөрү электрондук форматка өткөрүлөт.
«Учурда электрондук кызматтын маалымат базасы иштеп жатат. Ансыз деле мамлекеттик кызматта иштеген ар бир адамдын эсеби бар. Электрондук маалыматтарды киргизүүнү бир жылдын ичинде бүтүрөбүз деп жатабыз. Биз системанын кынтыксыз иштешине кепилдик бере албайбыз, бирок ал өркүндөтүлөт», — деди мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.