14:56
USD 86.80
EUR 91.85
RUB 0.85

Жылдын эң чоң арзандатуусу: «Берешен жума» ишкерлерге кантип жардам берет

«Берешен жума» (Black Friday) — бул сатып алуучулар абдан күткөн окуялардын бири. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча дүкөндөр товарлардын баасын төмөндөтүп, олуттуу сандагы кардарларды тартат. Бирок, ушул жана башка сатып түгөтүү акциялары сатып алуучулар үчүн гана эмес, ошондой эле сатуучулар үчүн да пайдалуу болот. Дасыккан интернет-ишкерлер 24.kg редакциясына айтып беришкендей, ноябрь-декабрь айларындагы акциялар — бул кирешенин бир нече эсе өсүшүн да камсыздап, ошону менен бирге келечек үчүн кам көрүү дегенди да билдирет: эреже катары, кийинки жылы товар жүгүртүү азыркыдан да көбөйөт. Ozon’догу акцияларга катышуудан ишкер канткенде мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда таба алаарын айтып берели.

«Берешен жума» — бул америкалык салт, Ыраазычылык күнүнөн кийин эле башталган укмуштуудай сатып түгөтүүлөрдүн, арзандатуулардын күнү. Акциянын алкагында дүкөндөр продукциянын кеңири түрлөрүнө олуттуу арзандатууларды сунушташат. Убакыттын өтүшү менен, жыл сайын ноябрь айынын соңунда ири сатып түгөтүү идеясы дүйнө жүзүнө жайылып отуруп, бүгүнкү күндө ага ар кайсы өлкөлөрдөгү көптөгөн ири компаниялар кошулуп жатат. Бир күндүк акция бир жумага чейин созулуп кетүүдө. Ozon’до «Берешен жума» көптөн бери жылдын негизги акциясына айланып, кардарларга да, сатуучуларга да пайдалуу болуп калды.

Ozon’догу Берешен жума жана башка ири акцияларсатуучуларга кандайча жардам берүүдө

1. Товарлар аянтчада акысыз таанытылат. Аянтча товарлардын көбүрөөк сатылышына жана кардарлардын көңүлүн бурдуруп алганга кызыкдар болгондуктан, акцияга катышкан товарлар кошумча жарнамаланат, бул үчүн Ozon төлөйт:

  • мындай товарлар башкы беттеги атайын тандалмага чыгат;
  • издөөдө жана каталогдо позиция бөлүнүп берилет;
  • товардын карточкасында сатып түгөтүү күндөрү продукциянын калдыктары менен эсептегич болот;
  • атайын чыпка бөлүнөт;
  • товар издөөдө жана каталогдо тез чыгат.

Арзандатуулардын көлөмү товарлардын категориясына жараша өзгөрүлүп турат. Медианалык баанын төмөндөшүнүн үч деңгээли бар, алардан товарды аянтчада таанытуунун даражасы көз каранды болот. Кандай болгон күндө да, акцияга катышкан продукцияларды сатып түгөтүүгө катышпагандарга караганда көбүрөөк адам көрүп, буйрутмалар да ошончолук көп берилет.

2. Сатылган товарлардын саны олуттуу болот. Арзандатуулар жана кошумча жарнама көптөгөн адамдарды тартат, алар ушул акцияга катышып калуу максатында сатып алчу товарларды алдын ала тандап алышат жана бир эле учурда көп товарларды сатып алууга даяр болушат. Бааны өтө арзан көрсөткөн күндө да, сатуучулардын жалпы кирешеси жүгүртүүнүн эсебинен көп болот. Мисалы, буга чейинки 11.11 акциясынын жыйынтыгын алалы: 3 күндө эле сатып алуучулар 24 миллион буйрутма берген, ал эми сатуучулардын жүгүртүүсү бир күндө 63 пайызга өскөн.

3. Кампадагы запастарды жаңылай аласыз. Сатып түгөтүү акцияларына катышуу жай өткөн же эскирген товарлардын калдыктарынан арылууга жардам берет. Көптөн бери сатылбай жаткан товарды сактап отургандын ордуна аны арзан баада сатып салууга болот, мында маркетплейстин акысыз жарнамасы жардамга келет. Ошондой эле колуңузга акча тийип, ага жаңы товарларды сатып алып, кампаңызды толтура аласыз.

4. Жаңы кардарлар келет. «Берешен жума» буга чейин кайсы бир дүкөндү билбегендердин назарын бурат. Пайдалуу сунуштар болсо, адамдар буга чейин тааныбаган сатуучудан товар сатып алууга даяр болот. Эгерде бул кардарлар товардын сапатына жана тейлөөгө ыраазы болушса, анда дүкөндүн туруктуу кардарына айланышат. Бул өзүнүн аудиториясын кеңейтүүнү көздөгөн жаш бренддер үчүн өзгөчө маанилүү.

5. Бренд жакшы таанылат жана кардарлар көбүрөөк тартылат. Эгерде сатып түгөтүү акциясы маалында сатуучу жигердүү иштесе, анда кардарлар анын товарларын жакшы таанып, көбүрөөк ала башташат. Мунун натыйжасында акция бүткөндөн кийин да кардарларды кармап калууга мүмкүнчүлүк болот.

Ozon’догу сатып түгөтүү акцияларына кантип катышса болот

Аянтчадагы акцияга тамеки продукцияларынан башка бардык товарлар менен катышуга болот. Бул үчүн сатуучунун жеке кабинетиндеги акцияга катышчу товарлардын тизмесине өтүп, керектүүсүн тандап, ага товарларды кошуп эле коюш керек. Андан соң ар бир позициядагы канча бирдик төмөн баада сунушталаарын аныктап алып, бул чечимди тастыктоо зарыл.

Акцияга катышчу товарларды тизмеге каалаган маалда кошуп, чыгара аласыз. Ошол эле учурда товарды таанытууга кошумча бонустарды алыш үчүн акциялык сатуулардын үлүшүн эрежелерде көрсөтүлгөндөн төмөн кармабаш керек.

Акцияга кантип даярданыш керек

Сатып түгөтүү учурунда да маркетплейстин колдонуучулары товарларды арзан баада гана эмес, жеткирүү ылдамдыгына да карап тандашат. Ошондуктан, көпчүлүк сатып алуучулар жашаган аймактардагы кампаларда продукциянын жетиштүү запасы болушуна кам көрүү зарыл. Болгондо да товарларды кампага эртерээк жеткирип койгон туура болот — сентябрдын башына жана алтургай анын аягына караганда акция башталаарына бир нече жума мурда калганда товарларыңыз үчүн орун табуу кыйын болуп калат.

Ошондой эле сатуучунун жеке кабинетинде сатылган товарларды категориялары жана атаандаштар боюнча жасалган аналитика менен таанышып чыгуу туура болот — бул өз стратегияңызды аныктап алууга жардам берет. Акцияга товарларды кошуу процессинде ошол аналитикага жараша кошумча параметрлерди тууралап алса болот: акцияны өткөрүү мезгилин, арзандатуу колдонула турган кардарлардын аудиториясын, географиясын жана башкаларды.

Сатып-түгөтүү акциясы аяктагандан кийин Ozon сатуучуларга толук аналитиканы берет, анын жардамы менен акцияга катышуунун натыйжасын көрүүгө болот. Көбүрөөк маалыматты маркептлейстин «Билим базасында» табасыз.

Мындан тышкары, Ozon’до товарларды бардык жеткиликтүү сатып түгөтүүлөргө автоматтык түрдө кошууга мүмкүндүк берген функция бар. Эгерде суроолор пайда болсо,Ozon Окутуу сайтындаатайын курс бар, андан маркетплейстин иш-чараларына кантип ийгиликтүү катышып, өз акцияларыңызды кантип өткөрө алаарыңызды биле аласыз.

 
Эң көп окулган жаңылыктар