Жогорку Кеңеш мугалимдер үчүн ноутбук сатып алуу боюнча иликтөө жүргүзөбү?

14:07, 28 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-ноябрдагы жалпы жыйынында депутат Камила Талиева мугалимдер үчүн 80 миң ноутбук сатылып алынганы боюнча парламент иликтөө жүргүзүүсү керектигин айтты.

Анын айтымында, ал бул сатып алуу үчүн бардык документтерди алган. Ал эми хронологиялык жагын изилдеп, жол-жобосунун тазалыгына күмөн санай баштаганын айтты. «Айрыкча материалдар менен таанышканыбызда, документтер коррупцияга жол ача тургандай кылып түзүлгөн деген ойго келет», -деди

«Билим берүү министрлигинин тескемеси өзү туура эмес жазылган. Сатып алуулардын мөөнөттөрү жок. Мен өкмөттө иштеген адам катары айта алам, андай болбой жатат», — деди депутат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Эдил Байсалов баш болгон бир катар аткаминерлерге Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алуу учурунда берилген кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган.

Февраль айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусунда өткөн коллегияда Кыргызстандын бардык мугалимдерине июнь айына чейин Кытайдан түз сатып алуу пландалган ноутбуктар бериле турганын билдирген. Кийинчерээк бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынары айтылган.

Август айынын ортосунда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо экинчи окуу чейрегинде гана башталарын билдирген.