Жапаров ЖККУга төрагалык кылуу мезгилиндеги артыкчылык тууралуу баяндама жасайт

10:26, 27 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы 28-ноябрда Астанада өтөт. ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери пленардык жыйында Кыргызстандын уюмга төрагалыгы учурундагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашат, деп билдирди Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков.

Ал кошумчалагандай, Владимир Путин 27-28-ноябрда Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат, орус лидери ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына да катышат;

«Андан кийин пленардык жыйын болуп, анда эки маселе каралат: Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгы учурундагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баяндама жасайт жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын кароосуна коюла турган документтер боюнча маселе каралат», — деди Юрий Ушаков.

Анын айтымында, аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери, уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү жана ага жакын аймактардагы туруктуулукка коркунучтардын күчөшүн, ошондой эле жаңы архитектураны түзүү милдеттерин эске алуу менен талкууланат деп күтүлүүдө.

Эки жолугушуу пландаштырылган — тар жана кеңейтилген форматта. Биринчисинде — ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин гана катышуусунда — бир гана маселе — коопсуздуктун учурдагы көйгөйлөрү талкууланат.

«Эң кызыгы, албетте, мындай жолугушуулардан кийин боло турган бейформал талкуу», — деп кошумчалады орус президентинин жардамчысы.