Интервенция. Улуттук банк валюта рыногуна 92 миллион доллар сатты

15:19, 26 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы бир күн мурун валюталык интервенция жасап, валюта рыногунда 92 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Ушуну менен ноябрь айында үчүнчү жолу интервенция жасалды.

6-ноябрда 62,4 миллион доллар, ал эми 14-ноябрда дагы 70 миллион доллар сатылган.