15:12, 26 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Данияр Төлөгөн уулу кайрадан Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу тиешелүү федерациядан билдиришти.
Ал буга чейин бул кызматка 2021-жылдын ноябрында Данияр Жусубалиевдин ордуна дайындалган.
Эске сала кетсек, Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги астында Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Кыргыз курама командасы күч сынашып, үч спортчу чейрек финалга чыгууга жетишкен.
Анын жетекчилигинде Мунарбек Сейитбек уулу Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатта коло байге ээси болсо, андан соң Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.
Улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаев болду.