11:33, 26 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкекте муниципалдык автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн, 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа № 23 автобус менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам жабыркап, алардын бешөө автобустун жүргүнчүлөрү болсо, үчөө жеңил унаанын жүргүнчүлөрү болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.