Президент Акылбек Жапаровго жана бир катар аткаминерлерге сөгүш жарыялады

17:48, 25 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө сөгүш берди:

— Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;

— билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;

— президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;

— президентинин администрациясынын президенттин жана иинистрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбековго сөгүш берилди.