Орусиядан айыл чарба азыктары сакталган кампаларды ижарага алуу сунушталды

15:09, 25 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине Орусиянын Москва районундагы айыл чарба продукциясын сактоочу жайды ижарага алууну сунуштады.

Анын айтымында, ал жерде кампалар арзан баада ижарага берилип, Кыргызстан аларга айыл чарба товарларын сактап, акырындап сатса болмок.

Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев КР айрым ишкерлери Россияда ансыз деле кампаларды ижарага алып жатканын айтты. Башка дыйкандардын экспортко чыгарган продукциясы жетишсиз.

«Ошондуктан дыйкандарга экспортко жардам бериш керек. Ар бир адам, мисалы, бир сорттогу картошканы эгип, кийин керектүү көлөмдү чогултуп, экспортко чыгарууга аракет кылгыла», — деп белгиледи Акбөкөн Таштанбеков.