14:26, 25 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Быйыл Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү азайган жок, тескерисинче өстү. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Дипломаттан кыргызстандык банктардын санкцияларга кошулушу Россия менен Кыргыз Республикасынын жана жалпы ЕАЭБдин кызматташтыгына кандай таасир этет деген суроо узатты.
«Башында мен тактап айткым келет, кыргыз банктары мындай чараларды көрүүгө аргасыз, анткени антпесе алар SWIFTтен ажырап, экономикалык жашоо токтоп калмак. Бул аргасыз чара», — деп белгиледи ал жана санкциялардан таасирленбеген орусиялык банктар менен финансылык операциялар уланып жатканын айтты.
Сергей Вакуновдун айтымында, 2024-жылдын жети айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 27 пайызга өскөн.
«Бул сооданын өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода операцияларынын 90 пайыздан ашыгы рубль менен жүргүзүлөт. Бул иште Кыргызстан дагы, Орусия дагы эч кандай мыйзам бузган жок», — деп кошумчалады ал.