Бүгүн, 25-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 852 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 233 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 475 куб метрди түзүүдө.