23-ноябрга карата аба ырайы

19:06, 22 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-ноябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз 4...9,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7, күндүз 3...8,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз 0...5,

Нарын облусунда түнкүсүн −6...-11, күндүз −1...-6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн −2...-4, күндүз 6...8 градус болот.