Экс-элчи Б.Аманбаевге козголгон иш жабылды. УКМК арыз ээсин текшерет

17:34, 22 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Качыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Б.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Б. Аманбаевге Б.А.нын мурда кармалган тууганына карата кылмыш ишин оң чечкендиги үчүн 250 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү башталган. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Белгилүү болгондой, арыз ээсинин сөзү боюнча Б.Аманбаев кармалган тууганынын маселесин УКМКнын төрагасынын байланыштары аркылуу чечүүнү каалаганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.нын тууганы менен Б.Аманбаевдин ортосунда өз ара карыз милдеттенмелери болгонун, башкача айтканда Б.Аманбаев тарабынан опузалоо болбогондугу аныкталды.

Учурда аталган 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты арыз ээсине кайтарылды.

Буга байланыштуу Б.Аманбаевге карата арыздануучудан каршы билдирүү түшкөн. Тактап айтканда, Б.Аманбаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок.

Учурда УКМК тарабынан арыз ээси Б.А.нын өзүнө карата кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча материалдар бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн материалдарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин аракеттерине юридикалык баа берилет.