12:22, 22 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Борбор калаанын бир бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Шабдан Баатыр проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болуп, анын кесепетинен суу агып кеткендиги аныкталган.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо кызматынын бригадасы авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Аварияны жоюу үчүн ККСК суу алгычы убактылуу өчүрүлөт, бул анын камтуу аймагындагы суу менен камсыздоого таасирин тийгизиши мүмкүн.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөт.
Бардык күч жумуштарды тез арада бүткөрүүгө жана суу менен камсыздоо системасын тез арада калыбына келтирүүгө багытталат.