Ош жана Таластын студенттери Улуу Британияга практикага бара алышат

11:04, 22 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Эмгек министрлиги Ош жана Таластан келген студенттерди Улуу Британияга сезондук жумушка жөнөтөт. Бул тууралуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан билдиришти.

Белгиленгендей, министрлик британиялык HOPS Labor Solutions Ltd оператору менен биргеликте Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштары программасынын алкагында студенттердин практикасын уюштурууга багытталган Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Келишимдин шарттарына ылайык, бул университеттердин студенттери 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда Улуу Британияда акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат.