Кыргызстанда табигый кырсыктарды көзөмөлдөө борбору түзүлүүдө

15:04, 21 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Климаттын өзгөрүүсү туруктуу өнүгүүгө эң чоң коркунучтардын бирине айлангандыктан, Кыргызстан табигый кырсыктарды көзөмөлдөө борборун түзүүдө.

Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Бакуда COP29 алкагында «Туруктуу, санариптик орто коридор жана андан тышкары» аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, Транспорт министрлиги жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин көзөмөлдөө, алдын алуу жана жоюу боюнча мониторинг борборун түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«Бул аракеттеги негизги курал санариптик жол картасы болуп саналат. Бул долбоор маалыматтарды чогултуу жана талдоо жаңы системаларын иштеп чыгуу жана интеграциялоо үчүн катализатор болуп кызмат кылат жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автоматташтырылган кызматтарын бириктирет», — деп белгиледи Бекжан Рысмендеев.