17:48, 20 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +4...+9,
Талас облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +3...+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −3...+2, күндүз +3...+8,
Нарын облусунда түнкүсүн −3...-8, күндүз 0...+5.
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +6...+8 градус жылуу болот.