Кыргызстан жолдорду оңдоо үчүн 1,2 миң атайын техника сатып алды

11:21, 20 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарга президент Садыр Жапаров жолдорду оңдоо жана куруу үчүн 1 миң 250 даана атайын техника алынганы тууралуу маалымат бергенин билдирди.

Анын айтымында, техникалар үстүбүздөгү жылдын 15-20-декабрында Кыргызстанга алынып келинет. Парламент спикери кошумчалагандай, 750 техника Транспорт министрлигине караштуу жол фондунан алынган каражатка алынган.

«Президент 2027-жылдан тарта жол фондунун жардамы менен Кыргызстандын бардык жолдоруна асфальт төшөлүп, айылдардын ичине гана эмес, жайлоолорго да барарын айтты», — деди төрага.