09:51, 20 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаментинин директору Койчугул Ибраимов жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Уран Мусаев жеке турак жай куруу жана шаар куруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору кызматын аркалап келген.
Алия Койчукеева Бишкектин Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Бакыт Шеримбеков Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору кызматын аркалап келген.
Арсен Кыдыралиев Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Билимбек уулу Адилет Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ал «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.
Депутат Адилет Абылбеков «Бишкекзеленстрой» ишканасынын директору болуп дайындалды. Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштери бөлүмүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.